Жеки Чан Димаш Кудайбергендин Кытайдагы аткаруусуна суктанды (видео)

Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген Кытайдын Чэнду шаарында өткөн биринчи эл аралык Golden Panda (Алтын Панда) кинофестивалынын башкы ырын аткарганын Tengri Life басылмасы билдирди.

Артист симфониялык оркестрдин коштоосунда кытайлык ырчы Вэй Вэй менен дуэт аткарды. Алар «Join Hands» (Кол кармашкыла) ырын аткарышты.

Димаш Кудайберген өзү жарыялаган видеодон дүйнөгө белгилүү актёр Жеки Чандын сахнада болуп жаткан аткарууга суктануу менен карап, артисттерге кол чаап жатканын көрүүгө болот.