Жеңишбек Жумакадыр «Эл акыны» сыйлыгын колуна алды

Кечээ, 30-март күнү төкмө акын Жеңишбек Жумакадырга Кыргы Республикасынын “Эл акыны” наамы
тапшырылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Төкмө акын аталган сыйлыкты өткөн жылдын жай айларында алган, бирок жеке иштери менен АКШда болгондугуна байланыштуу, сыйлык тапшыруу аземине катыша алган эмес. Сыйлыкты мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Кыргыз улуттук “Манас” театрында тапшырды.