«Жердештердин белеги». Ырчы Назель үйлүү болду

Ырчы Назель батирлүү болду. Ал жакшы жаңылыгы менен бөлүшүп, үйдү бөлүп төлөө шартында алганын айтты.

“Быйылкы туулган күнүм эсте каларлык болду. Тагыраагы, Курал Чокоев баштаган жердештердин шеринеси бар. Ошол шеринеден түшкөн акчаны батиримдин алгачкы төлөмүнө жумшадым. Мындан улам “жердештерим үй белек кылышты” деп жатам. Буюрса батирге ушул жылдын декабрь айында кирем”, — дейт ырчы.