«Жетишпей калды». Бекжан Темирхандын менеджери анын эң биринчи кыялы тууралуу айтып берди

11-декабрь күнү Бишкек шаарында жол кырсыгынан каза болгон ырчы Бекжан Темирханды эскерүү концерти болуп өттү. Маркум ырчынын ата-энесине борбордон үй алып берүү максатында уюштурулган концертке эл абдан көп келди.

Анын менеджери Мырзагүл Абдрахманова маркумдун кыялы тууралуу айтып берди. «Анын эң биринчи кыялы Спорт Ордосунда аншлаг менен концерт өткөрүү болчу. Ошол концерт бүгүн өтүп жатат. Бирок Бекжан жок. Концертин 6-мартка пландап жаткан. Жетишпей калды. Ал акыркы жолу «ата-энемди шаарга көчүрүп келишим керек, үй алышым керек» деп айткан», — деди ал.