«Жигиттик намысым тынч отургузган жок». Мода көргөзмөдөн кийин чырдаша кеткен Арзубек Vonama менен казак блогери элдешти

21-февраль күнү Бишкек шаарында дизайнер Арзубек Vonama`нын мода көргөзмөсү болуп өткөн. Иш-чарага казакстандык моделдер Мадлен жана Дамеля конок катары чакырылышкан. Көргөзмө болуп өткөндөн кийин казак блогери Мерей Абилова өзүнүн нааразычылыгын айтып чыккан. Ал Бишкекке келип, ага болгон жаман мамиледен улам көргөзмөгө катышпай кетип калганын билдирген. 22-февралда Арзубек Vonama социалдык тармактагы баракчасына өз чындыгы бар экенин айтып, окуя тууралуу маалымат берген.

Кечээ, 3-апрелде Vonama социалдык тармактагы баракчасына видео, сүрөт жүктөп, экөө бири-бирин кечиришкенин билдирди. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги дизайнердин өзү менен байланышканыбызда, экөө Казакстандагы иш-чарада бирге конок болуп калганын, жигиттик намыс тынч отургузбаганын айтты. «Адаттагы иш-чарага Алматыга баргам. Иш-чарада казак кызы Мерей менен бир жерде конок болуп калдык. Мерей мага ортодогу пикир келишпестиктен улам таарынып жүргөн. Мен аны менен бир иш-чарада отура албай койдум. Жигиттик намысым тынч отургузган жок. Рамазан айында бири-бирибизди кечиришүүнү туура көрдүк. Буга чейин дос болчубуз. Достугубуз уланат деп ойлойм. Казак кызынын бизге болгон мамилеси түз бойдон калды»,- деди ал.