Жол кырсыкка кабылган блогер Арген Асановдун жубайы Аружан Бекешева Бишкекке которулду

Блогерлер Арген Асанов менен Аружан Бекешева Баткенде жол кырсыкка кабылышкан. Кырсык 25-декабрь күнү саат 12:30 чамасында Баткен району аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 213-чакырымында болгон. Баткен шаарынын тургуну өзүнүн Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен Ош шаарынан Баткен шаарын көздөй бара жатып рулга ээ боло албай калып, унаа ала салып кеткенАрген Асанов жубайы 3-4 ай баса албарын билдирген.

Бүгүн, 11-январда Арген Асанов видео жүктөп, жубайын учак менен Бишкекке алып келе жаткан видео менен бөлүштү. Ал эми Аружан Бекешева соцбаракчасында жолдошу авиакомпания менен сүйлөшүп, аны жаткан абалда алып кетүүнү сүйлөшкөн.