Жомоктогудай. Кыргызстандык фотографтын Саманчынын жолун тарткан сүрөттөрү суктанууну жаратты (фото)

Кыргызстандык фотограф Нурсултан Аттокуров Соң-Көл өрөөнүнөн чалкып жаткан Саманчынын жолу галактикасын кооз ракурстан тартып, социалдык баракчасына жүктөдү.

«Нарын облусунун деңиз деңгээлинен 3050 метр бийиктиктеги Соң-Көл көлүндө боз үйлөрдүн үстүнөн Саманчыныны жолунун көрүнүшү. 

 Дүйнө жүзүнөн миңдеген ышкыбоз, профессионал фотографтар Соң-Көлгө кооз кадрды тартып алуу үчүн келишет. Бул жактан Саманчынын жолу абдан сонун ракурста көрүнөт. Жакшы кадрды алуу үчүн фотографтар жумалап күтүп отурушат», — деп жазган фотограф.

Белгилей кетсек, Асмандагы жымыңдаган булутсуз караңгы түндө бүткүл асманды курчап турган галактиканы кыргыздар илгертен «Саманчынын жолу» деп атап алышкан. Жерден көрүнүүчү башка жылдыздар, Күн жана биз жашаган Жер планетасы да Саманчынын жолу галактикасына таандык.