«Жубайымды сүйөм!» Мирбек Атабеков концертинде жубайына сүйүүсүн арнады (видео)

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков Бишкекте 4 күн бою жеке концертин берди. Анын ар бир күнү Кыргыз улуттук опера жана балет театрында бош орун калбай, жандуу, шаңдуу, шоу менен коштолуп жатты.

Кечээ, 9-март күнкү концертинде Мирбек Атабеков эл алдында жубайы Мээрим Төлепбергенге сүйүүсүн арнап, күйөрмандарын кубантты. «Кечээ күнү жубайым залдын сол жагында отурган, ага сүйүүмдү бетине айткам. Азыр жок кезде да айтып коёюн, мен жубайымда абдан сүйөм, жакшы көрөм» деди», — ырчы мырза.

Мирбек Атабековдун концертине билеттер кымбат экендигине карабай бат сатылып, каалоочулар көп болгондуктан, дагы бир күнгө, 11-мартка узартылды. Буга чейин Мээрим Төлепберген сахнада отурганда да сүйүүсүн билдирип, ыр арнаган.