Жусуп Абдрахмановго арналган тасманын сценарийине сынак жарыяланды

Жусуп Абдрахмановго арналган тасманын сценарийине сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият маалымат жана спорт министрлигинен билдиришти.

Сынак эки этапта өткөрүлөт. Ушул жылдын 15-октябрына чейин билдирмелер (сценарийлер) кабыл алынса, 15-ноябрга чейин атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жеңүүчү аныкталат.

«Сынактын максаты — кыргыз элинин чыгаан уулу, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун Кыргызстандын түптөлүшүнө кошкон салымын эске алуу менен жаш муундарды патриоттуулук нукта тарбиялоо жана атуулдардын арасында патриоттук ойлорду, маданий баалуулуктарды даңазалоо болуп саналат»,- деп айтылат маалыматта.

Катышуучулар билдирмени, тасманын сценарийин, резюмесин жана фильмографиясын жөнөтүүсү зарыл. Кенен маалыматты министрликтин социалдык тармактагы баракчасынан билүүгө болот.