Чолпон-Ата шаарында “Дүйнөлүк көчмөндөр модасы” фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Рух-Ордо» маданий борборунда «Дүйнөлүк көчмөндөр модасы» фестивалынын үчүнчү сезону өттү. Иш-чаранын жүрүшүнө маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.