«Жыйырмага чукул мамлекеттин дизайнерлери катышкан». Чолпон-Атада “Дүйнөлүк көчмөндөр модасы” фестивалы өттү

Чолпон-Ата шаарында “Дүйнөлүк көчмөндөр модасы” фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Рух-Ордо» маданий борборунда «Дүйнөлүк көчмөндөр модасы» фестивалынын үчүнчү сезону өттү. Иш-чаранын жүрүшүнө маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Аталган фестивалга 20га чукул мамлекеттин атактуу дизайнерлери, кол өнөрчүлөрү, мода индустриясынын адистери катышып, долбоор мамлекет тарабынан колдоого алынган.