«Жылаңачпы же ушундай көйнөкпү?». MTV VMA 2021 сыйлык тапшыруу аземиндеги өзгөчө көйнөктөр парады (сүрөт)

Кечээ, 12-сентябрда Нью-Йоркто MTV Video Music Awards 2021 сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Кызыл килемде мега жылдыздар күйөрмандардын «оозун ачырган» көйнөктөрдү кийип өтүштү. 

52 жаштагы Женнифер Лопес фотографтардын алдында David Coma брендинин боо көйнөгүн кийип чыкты.

Быйылкы салтанатты ачкан 63 жаштагы Мадонна булгаарыдан тигилген костюм кийди. Белгилей кетсек, ырчы йога жана хирургдардын жардамы аркасында мыкты формада. 

Жаңы эле эне статусун алган ырчы Сиара Том Форддун саркеч көйнөгү менен мыкты фигураны көрсөттү, ал эми Меган Фокс «жылаңач» көйнөк кийген. Дегенибиз ич кийиминин үстүнө тунук Муглердин көйнөгүн кийип келген.

Ал эми 20 жаштагы ырчы Билли Эйлиш өзүнүн улуу кесиптештеринин катарында бардык жери жабылган кара көйнөк кийип келген. Рита Ора да кара түстөгү Вера Ванг костюмун кийип, өзгөчөлөнгөндү каалабаган көрүнөт.