“Жүрөгүм катуу согуп, эс-учумду жоготуп койчумун”. 1,5 жылдан бери ооруп жүргөн ырчы Мирбек Масалиевге операция жасалды

23-ноябрда ырчы Мирбек Масалиевге операция жасалды. Бул тууралуу SUPERTV`га ырчы өзү билдирди. Анын айтымында, ырчы бир жарым жылдан бери катуу ооруп жүргөн.

“Бир жарым жылдан бери катуу ооруп жүрдүм. Жүрөгүм катуу согуп, эс-учумду жоготуп койчумун. Кыргызстандагы кардиологдордун баарын таанып бүттүм окшойт. Айтор бул жактан барбаган, көрүнбөгөн жерим калбай, айла жок чет жактагы дарыгерлерге да көрүнүп келдим. Бирок алардын бири да так диагноз коё албай коюшту. Тынчтандыруучу дарыларды ичүүдөн башка айлам жок болду. Диагнозду билбей ооруган жаман экен. Ойлонуп жатып, депрессияга да түшүп кеттим”, — дейт ал.

Андан соң чет жактагы дарыгерлер коё албаган диагнозду кыргыз дарыгерлери тапканын айтып, кубанды.

“Жакында тааныштар Бишкектеги менчик клиникалардын биринде иштеген Дамир деген дарыгерге барып көрчү деп айтып калышты. Ал дарыгерге барсам, көп убакытка чейин изилдеп, акыры атайын аппараттан текшерип, диагноз коюп берди. Чет жактагы дарыгерлер коё албаган диагнозду өзүбүздүн дарыгер койгонуна таң калдым, кубандым. Ошентип, эки күн мурун 4 саатка созулган операция ийгиликтүү аяктады. Азыр маанайым абдан сонун. Ойлоп көрсөм, канча убакыттан бери оору менен алышып жүрүп, эч нерсени ойлонбой кенен дем ала элек болчу экенмин. Абдан жеңилдеп калдым”, — деди ырчы.