Сеул мэриясы Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте «SEOUL WEEK 2025» алкагында өтө турган бий сынагына катышууга чакырат.
Сынактын финалы 2025-жылдын 28-июлунда саат 18:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрында өтөт. Бардык катышуучулар эстелик белектерге ээ болуп, алардын 10у финалга чыгат. Финалдын жеңүүчүлөрү төмөнкү сыйлыктарга ээ болушат:
1-орун — 300$;
2-орун — 200$;
3-орун — 100$.
Конкурстун шарттары:
— K-pop стилинде бий видеосун тартуу керек (15-10 секунд);
— Instagramга жүктөө;
— @angelin.comm_ аккаунтун автор катары белгилөө;
Катышуучуларды каттоо 2025-жылдын 2-июнунан 17-июлуна чейин. Финалисттерди жарыялоо – 19-июль.