«Качан коопсуз өлкөдө жашайбыз?» Баткендеги кырдаал боюнча үн каткан шоу-бизнес өкүлдөрү

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагында абал курчуп, тажик тарап миномёт, пулемёт жана автоматтар менен массалык аткылоону башташканы кабарланды. Өлкөдө болуп жаткан кырдаалга шоу-бизнес өкүлдөрү да кайдыгер карабай, социалдык тармактагы баракчаларына өз пикирлерин жазып, бийликтен чек ара маселесин тезирээк чечүүнү талап кылышууда.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова бул боюнча бийлик өкүлдөрүнө төмөнкүчө кайрылган.

“Мекен бирөө гана жана ал чек арадан башталат. Чек ара тынч болсо, демек өлкө тынч. А бүгүн бизде өлкө тынч эмес, чек ара тынч эмес. Бул кейиткен абал канчага чейин уланат? Канчага чейин чек арада чеп болгон эл эзилип жашай берет. Киндик кан тамган жерин таштап кетпей, ар күнү өмүрүнө коопсуздук жаралып жатса да башын сайып бир кадам жылбай чек араны кайтарган эл качан күчтүү, кубаттуу бийликтин колдоосуна арзыйт. Качан чек ара чатактары тыйылып, тынч, коопсуз өлкөдө жашайбыз. Качанга чейин энелер бешиктеги балдарын көтөрүп өз үйүнөн качат? Качанга чейин көз жаштар агат? Качанга чейин бөтөндөр басып келип, тынчтыгыбызды бузуп, үйүбүздү талкалап, таш менен урат? Эки күндөн бери Баткендеги абалды, андагы мекендештерди ойлогондо жүрөгүм ыйлап, жаным кейип атат. Чек ара тынч болбосо кантип тынч уктайсың? Өлкөң тынч болбосо кантип тынч уктайсың?” деген билдирүү жазган.

Ырчы Дайыр Исмадияров “XXI кылымда жашап жатабызбы же? Мамлекет башчылар эмнеге чара колдонбой жатат? УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ден-соолугуна байланыштуу кечээ, 28-апрель күнү чет мамлекетке учуп кеткен деп жатышат. Ким чечет бул маселени? Провокация болуп кетпеши үчүн мамлекет Баткенде эмне болуп жатканы тууралуу бардык жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу бат-баттан кабар берүүсүн талап кылам!”, — деп жазган ал.

Ал эми шоумен Аман Ибраев “Ким жооп берет? Чечпейсиңерби! Баткен элине сабырдуулук. Биз сиздер менен! Кечээ постумда сүйлөнүп жаткандар, мына эми сүйлөгүлө. Ушуну көргүңөр келди беле?” деген билдирүү жазып, чек арадагы атышып жаткан видеону жүктөгөн.

Ырчы Минур Алтынбеков да “Эл кыйналды. Тезирээк чечпесе болбойт. Ушул боюнча улана берсе мындан да жаман болот” деген билдирүү жазган.

Ошондой эле ырчылар Кайрат Примбердиев, Нияз Абдыразаков, Гүлзада Рыскулова, Айпери Кубик кызы, Самара Каримова, актёрлор Актан Рыскелдиев, Кубаныч Курманбеков, актриса Назира Айтбекова жана башкалар да чек ара маселеси боюнча үн катышкан.