Кайрадан жанган сүйүү бүттүбү? Бен Аффлек менен Женнифер Лопес ажырашканы жатышат

Голливуд жылдыздары Бен Аффлек менен Женнифер Лопес ажырашканы жатышат, атүгүл актёр жубайы менен чогуу жашаган үйдөн башка жакка көчүп кетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Түгөйлөр акыркы жолу мындан эки ай мурда Нью-Йорктогу ресторандардын биринде чогуу тамактанышкан. Ошол убакыттан бери Голливуд жылдыздарынын бирге эл көзүнө чыга электиги маалымдалды.

Бен Аффлек менен Женнифер Лопес 2022-жылдын июль айында баш кошушкан. Алардын 20 жылдан кийин кайрадан чогуу болуусу талкуу жараткан эле.