Кайрат Нуртастын келинчеги Жулдыз Абдукаримова «Аалам сулуусу-2020» сынагында жеңүүчү аталды

Казакстандын мега жылдызы Кайрат Нуртастын өмүрлүк жары Жулдыз Абдукаримова «Аалам сулуусу-2020» сынагында жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу сынактын расмий сайтына маалымат жарыяланды.

Буга чейин Жулдыз Абдукаримова интернет колдонуучуларга кайрылып, ага добуш берүүнү суранган. Добуш берүү 1-декабрдан 24-декабрга чейин сынактын расмий сайтында жүргүзүлгөн.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жулдыз Абдукаримова «Аалам сулуусу-2020» сынагында жеңүүчү деп табылган. Жеңишке ээ болгон Жулдыз Абдукаримова сынактын уюштуруучуларына, добуш берген күйөрмандарына, үй-бүлөсүнө ыраазычылыгын билдирген. Анын айтымында, коңшу өлкөлөрдүн жарандары дагы жеӊүүсүнө жардам берген.
Маалымат үчүн, Жулдыз Абдукаримованын инстаграмда 2,3 миллиондон ашык катталуучусу бар. Ал жолдошу Кайрат Нуртас менен бирге эки кыз, эки уулду тарбиялап келишет.

Ал эми «Аалам сулуусу» сынагы 2007-жылдан бери өткөрүлүп келет. Алгачкы жолу Болгарияда өткөн. Сынактын негизги шарты кайсы өлкөдөн болбосун 18 жаштан 55 жашка чейин үй-бүлөлүү айым катышуусу кажет. Аталган сынак быйыл коронавирус илдетинен улам онлайн форматта өттү.