Кайрат Примбердиев жубайы экөө эки жолго түшкөнүн айтты

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев жубайы Эльвира Бегалиева менен эки жолго түшкөнүн жазып чыкты.

«Эки жолго түшсөк дагы тилегибиз, оюбуз бир! Балдарыбызга татыктуу билим, жакын болбосок дагы татыктуу тарбия берүү. Мен сени менен өткөргөн 11 жылыбыздын ар бир минут, секундасына ыраазымын! Болгону экөөбүз жашоодо бири-бирибизге аткара турган роль, вазыйпабызды аткарып бүттүк окшойт. Жүрөгүмдө 1 грамм таарынычым жок. Билем сен да мага ыраазысың жана таарынычың жок. Мен жаныңда болбосом дагы бардык колдон келген колдоомду көрсөтүп турам! Сага аялдык, адамдык бакыт каалайм. Ыраазымын сага!»,- деп жазды ал.

Жубайы да пост жазып, эки жолго түшкөндөрүнө эч кимди күнөөлөбөй турганын жазды. «Биз жөн гана бир толкунда болбой калдык»,— деп жазды жубайы.