Кайрат Примбердиевдин жубайына жасалган операция ийгиликтүү аяктады

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиевдин жубайына жасалган операция ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Маалым болгондой, операция кечээ, 24-ноябрда жасалган.

Кайрат Примбердиевдин туулган күнү да кечээ болгондуктан, ал социалдык тармактагы баракчасына, “Бүгүн менин туулган күнүмдө жубайыма операция жасалат. Эгер ийгиликтүү болсо, мен үчүн чоң белек болот” деп жазган.

Ал эми көп өтпөй, “Кудайга шүгүр! Операция ийгиликтүү аяктап, жубайым палатага которулду. Азыр маанайы сонун. Жакшы каалоо-тилектер үчүн баарыңарга ыраазычылык” деп жазган.

Эске салсак, ырчынын жубайы Эльвира Примбердиева 20-ноябрда жол кырсыгына кабылган. Кырсык Медеров жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Ырчынын жубайынын билдирүүсүнө таянсак, эреже бузуу эки тараптан тең болгон.