Калипа Таштанова: «Атам кырсыкка кабылганда бизди тааныбай калган. Ошондо апама таң калгам»

Журналист кесибин аяктап, кино чөйрөсүнө кокустан келген Калипа Таштанова учурдагы белгилүү актрисалардын бири. Ал жакында гана Түркияда өткөн «Коркут ата» кинофестивалында «Үй сатылат» тасмасындагы ролу үчүн «Эң мыкты актриса» наамын алган. Калипа Таштанова менен «Менин дүйнөм» берүүсүнүн алкагында балалыгындагы оор күндөрү, жеке жашоосу, карьерасы тууралуу баарлаштык.

Ал атасы кырсыктаган соң, жашоосу түп-тамыры менен өзгөргөнүн айтты. «Бактагы зымды ала коёюн десе, ток бар экен, ток уруп, ошол окуяга чейинки жашоо бөлөк, андан кийинки жашоо бөлөк болду. Анткени апам 1 жыл оору менен алышып жүрүп, бизди унутуп калды. Бирок апамдын эркине таң калдым. Атам ошол учурда бир эле апамды таанып калган. Бизге да өтө оор болду. Биз аргасыздан иштеп, балалыгыбызды жыйыштырып койгонбуз», — деди ал.