Калипа Усенова: “Уулумду иниңби деп сурашат”

“StarTime” долбоорунун кезектеги каарманы – актриса Калипа Усенова. Учурда балдар менен үйдө отурарын айткан ал, бүгүнкү күнүн пландап жүргөн иштерин бүтүрүүгө арнаптыр.

“Азыр тырмагымды жасатам. Андан соң кызым менен китепканага барабыз. Ал жактан чыгып апамдын жумушуна, тагыраагы Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейине барабыз” дейт актриса.

Жогоруда аталган жерлерге барган соң жакында эл назарына коюла турган “Такебай-2” тасмасынын режиссёру Бакыт Осмонканов менен да жолукту. Калипа Усенова аталган тасмада баш каармандын ролун аткарган.

“Тасмада оңой эмес каармандын образын жараттым. Канчалык деңгээлде аткара алгандыгымды эл бааласын” дейт ал.

Толугу менен видеодон көрүңүз: