«Кальмар оюнун» көрүп, сиз да ойногуңуз келгенби? Netflix’тен реалити-шоу

Netflix платформасында 22-ноябрда «Кальмар оюну» сериалынын стилинде даярдалган жаңы реалити-шоу көрсөтүлөт. Аталган платформа «Кальмар оюну: чакырык» деп аталган берүүнүн трейлерин жарыялады.

Анда 456 катышуучу баш байгеси 4,56 миллион доллар болгон акча үчүн күрөшөт.

2021-жылы чыккан Түштүк Кореянын «Кальмар оюну» («Игра в кальмара»/»Squid game») сериалы Netflix платформасында көрсөтүлүп башталары менен рейтингде төрдү ээлеген.