Каныбек Разыков: «Карындашым туулган күнүнө белеги жок келген досумду үйгө киргизбей койгон»

«Каныбек көп нерсени ачык айтпай, ичине сала берет. Ошондон ооруп калбаса экен деп аяп турабыз» дейт куудул Каныбек Разыковдун карындашы Гүлмайрам Разыкова. Бири ырчы, бири куудул болгон бир тууган Разыковдордун кызыктуу маегин сунуштайбыз.

«Карындашымдын туулган күнүндө классташтары келет, эшикке туруп алып, сен эмне алып келдиң деп, ар биринин белегин алып, анан үйгө киргизчү. Дос балам белеги жок келген экен, үйгө киргизбей коюптур», — дейт Разыков.

«Менин туулган күнүм өтпөй калчу эмес. Мына азыр мен 37ге чыгып жатам, 37 жылдан бери белгилеп келем. Кудайга шүгүр», — деди Разыкова.