Каныбек Разыковдун карындашы: «Агам эки кыздын ортосунда төрөлгөн үчүн аябай жоош, уялчаак болчу»

«Каныбек көп нерсени ачык айтпай, ичине сала берет. Ошондон ооруп калбаса экен деп аяп турабыз» дейт куудул Каныбек Разыковдун карындашы Гүлмайрам Разыкова. Бири ырчы, бири куудул болгон бир тууган Разыковдордун кызыктуу маегин сунуштайбыз.

«Карындашым экөөбүздүн ортобузда 1 эле жаш айырмачылык бар. Карындашым өзүнүн сөзүн бербеген, кылам дегенин кылган адам», — деди Разыков.

«Эки кыздын ортосунда төрөлгөн үчүн аябай жоош, кызга окшош уялчаак, менден таяк жей берген бала болчу. Анан агам мектепке барганда, мен да барам деп, класстагы эң акыркы партага отуруп алчумун», — дейт карындашы.