Каныкей Эралиева «Даңк» ордени менен сыйланды

Президенттик аппараттан маалымат таратышып, Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койгонун билдиришти.

Ага ылайык, ырчы, композитор, “Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү Каныкей Эралиева «Даңк» ордени менен сыйланды.