Ырчы Каныкей Улуттук филармонияга солист катары жумушка кирди

Каныкей Улуттук филармонияга солист катары жумушка кирди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ырчы айым менен байланышканыбызда билдирди.

«Күтүлбөгөн чакыруу болду. Абдан кубанычтамын. Жакында Улуттук филармонияда Сүйүшкөндөр күнүнө карата концерт болот. Ошого алгачкы жолу солист катары катышып, ырдайм», — деди Каныкей.

Ырчы айым буга чейин Бишкектеги №75 мектеп-лицейде музыкадан сабак бере баштаган.