Каракалпакстанда өтүүчү фестивалга кайсы кыргыз ырчысы катышат?

30-июлда Каракалпакстандын Нукус шаарында эл аралык «Достук-2024» фестивалы өтөт. Бул тууралуу аталган фестивалдын соцтармактагы баракчасында жарыяланды.

Маалыматка караганда, иш-чарага Кыргызстандын атынан эстрада жана салттуу музыка ырчысы Канышай Сүйүнбай катышат.