1-июлда Каракол шаарынын борбордук стадионунда өткөн “Каракол – КМШнын маданий борбору” эл аралык маданий иш-чарасында Мирбек Атабековдун патриоттук «Мурас» ыры орусиялык «Воронежские девчата» ансамбли тарабынан аткарылып, элдин алкоосуна алынды.
«Мурас» — бул адамдарды жүрөгү аркылуу бириктирген ыр. Ансамблге ыраазычылык билдирем. Мындай аткаруу мага эргүү берип, мындан ары да чыгармачылык менен иштешиме чоң шык берет», — деп комментарий берди ырчы.
Буга чейин соцтармактарга «Воронежские девчата» ансамблинин даярдык учурундагы видеосу тараган.