Караколдо өткөн айтышта Азамат Болгонбаев менен Мухтар Ниязов баш байгени алышты

Каракол шаарында Жолболду уулу Садыр акенин 200, Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдык мааракелерине арналган “Улут баскан улуу жол” аттуу фестиваль кечээ, 2-июлда жыйынтыкталып, республикалык жана облустук ар кандай номинациядагы сынактарда жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктары тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Сыйлыктарды президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов жана Каракол шаарынын мэри Чыңгыз Бапаев Каракол шаарынын борбордук аянтынан тапшырышты.

Кыргыз-казак эл аралык айтыш сынагынын жеңүүчүлөрү:

Баш байге: Азамат Болгонбаев жана Мухтар Ниязов;
1-орун: Эсенбек Кийизбаев жана Бауыржан Ширмединұлы;
2-орун: Арген Биймырза уулу жана Турат Жумаев;
3-орун: Изат Айдаркулова жана Максат Кулуев.

“Шайыр апалар“ сынагынын жеңүүчүлөрү:
1-орун — “Айым эне” Балыкчы шаары;
2-орун – “Чолпон-Ата айымдары” Чолпон-Ата шаары;
3-орун – “Шапак ата келиндери” Түп району;
3-орун – “Барскоон айымдары” Жети-Өгүз району.

“Этно мода” сынагы боюнча жеңүүчүлөр:

1-орун — Ош шаары;
2-орун — Түп району;
3-орун — Бишкек шаары, Ак-Суу району.

“Так теке” сынагы боюнча жеңүүчүлөр:

1-орун — Ысык-Көл облусу, Каракол шаары;
2-орун — Нарын облусу;
3-орун — Жалал-Абад облусу.

«Ысык-Көл – Боз үй мекени” макамын алгандыгына байланыштуу «Хан Боз үйлөр жасалгасы, каада-салт» сынагы (республикалык деңгээлде):

1-орун – Ош облусу;
2-орун – Чүй облусу;
3-орун – Жалал-Абад облусу.

«Кол өнөрчүлөр жана шырдак дүйнөсү» сынагы (республикалык деңгээлде):

1-орун — Нарын облусу (Айсалкын Сатылганова — шырдак);
2-орун — Ысык-Көл облусу (Рая Орозбаева — сайма туш кийиз)
3-орун — Жалал-Абад облусу (Таштанбек Сооронбаев — кылкыяк мүйүздөн жасалган).

«Фольклордук этно топтордун салттуу музыка сынагы» (республикалык деңгээлде):

1-орун – Ош шаары “Улуу Мурас” фольклордук тобу;
2-орун – Чүй облусу “Кер-Өзөн” фольклордук тобу;
3-орун – Ысык-Көл облусу “Кут” ансамбли.

«Элдик көчө театрлардын сынагы» (Акелердин тарыхы жана улуттук нарк боюнча облустук деңгээлде):

1. Жети-Өгүз району;
2. Ысык-Көл району;
3. Тоң району.