«Каргашалуу окуя болуп жатса, кантип ырдайм?» Ырчы Гүлназ Чыныбек кызынын концерти жылдырылды (видео)

Бишкек шаарында 17-сентябрга белгиленген ырчы Гүлназ Чыныбек кызынын жеке концерти убактылуу жылдырылды. Бул тууралуу ырчы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«Концертти бир аз убакытка жылдырууга аргасыз болуп турам. Элиме каргашалуу окуя күтүүсүз келип турса кантип ырдайм?

Бийликтин буйругу менен Спорт Ордосу бүгүндөн тарта Баткен элине гуманитардык жардам чогултуучу пункт болуп жарыяланды. Октон качып талаада жүргөн мекендештерибизге колубуздан келген жардамыбызды берели.

Ал эми билет сатып алган угармандарым, сиздер да туура түшүнүп бир аз күтө турасыздар деген ойдомун. Абал турукташса, элимде тынчтык эртерээк орносо, алты айдан бери даярданып жаткан концертти сөзсүз беребиз», — деп билдирди Гүлназ Чыныбек кызы.