«Карызымдан кутулуп, тынч уктап калдым». Ырчы Кудайберди Айтбосуновдун сүрөтүн алдамчылар жарнамасына пайдаланышууда

Инстаграм социалдык тармагында белгисиз бирөөлөр ырчы Кудайберди Айтбосуновдун сүрөтүн пайдаланып, «Күнүнө 40 миң сомдон көп табам. Карыздарымдан кутулуп, тынч уктап калдым» деп криптовалюталык бизнести жарнамалап жатышат. Бул боюнча ырчы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүдөй билдирди.

«Акыркы кезде мага ушул сүрөттү көп жөнөтүп жатышат. Алардын ким экенин да биле алган жокмун. Бул шылуундар менен кантип күрөшүүнү да билбей башым катты. Элге да кайрылмакмын, эгер менин сүрөтүмдү жарнамадан көрүп калсаңыздар, ишенбеңиздер. Булар алдамчылар», — дейт ырчы.