Каскадёр Адилет Акматов казакстандык сериалда трюк коюучу болуп иштөөдө (видео)

Белгилүү актёр, каскадёр Адилет Акматов Казакстандын КТК телеканалына сериалга трюктарды коюучу жана экшн оператор катары чакырылды. Ал сериалдагы ишмердүүлүгү тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине айтып берди.

«Казакстанга КТК каналынын чакыруусу менен келип иштеп жатканыма эки күн болду. «Упёртый» деп аталган сериалга кыргызстандык актёр Марат Амираев баш каармандын биринин ролун жаратууда. Мен трюктарды коюучу жана экшн оператор катары иштеп жатам», — деп билдирди оператор.

Адилет Акматов каскадёр, трюктарды коюучу катары чет өлкөлүк тасмаларда өнөрүн көрсөтүп келет.