Кавер ырдаган түгөйлөр Тынысхан менен Элен балалуу болушат (сүрөт)

Интернетте “Сүйүүнүн керемети”, “Эзилип бүттүм”, ошондой эле бир топ элдик ырларды кавер аткарып белгилүү болгон Тынысхан менен Элен балалуу болушат. Бул тууралуу алар социалдык тармактагы баракчасына жазышты.

«Биз жакында ата-эне болобуз. Биз сени көпкө күттүк. Бул сезимдерди сөз менен жеткире албайм. Мен жашоону азыр жакшы көргөндөй мурда жакшы көрчү эмесмин. Бул күтүү сезимдерин, азыркы өткөрүп жаткан убакытты аярлайм. Мен экөөбүз 3 жылдын ичинде кура алган нерселердин баарын жакшы көрөм», — деп жазып, жолдошун белгилеген.