Бегимай Бекбоева бир айдан кийин 33 жашка чыкмак. Өмүр баяны

17-январга караган түнү ырчы Бегимай Бекбоева көз жумганын СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ырчы Дайыр Исмадияров билдирди. Анын айтымында, ырчынын сөөгүн бүгүн Кочкорго алып кетишет.

Бегимай Бекбоева 1990-жылы 27-февралда Нарында туулган. Атасы обончу, аткаруучу Токторбек Бекбоев, апасы куудул жана актриса Жаңыл Кудайбергенова.

Бегимай Бекбоева эң биринчи жолу сахнага «Эх, байке» ыры менен чыккан. 2019-жылы ал башынан шишик алдырып, операция жасатканын айткан. 2020-жылы ырчы айым уулдуу болуп, аны өзү тарбиялап келчү.