«Каза болоор алдында мага арнап ыр жаздырыптыр». Гүлшайыр Садыбакасова уулунун өлүмү тууралуу үн катты

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова уулунун өлүмү тууралуу үн катты. Ал социалдык тармактагы баракчасына уулун төмөнкүчө жоктоп жазган.

“2020-жылдын 25-августу мен үчүн каргашалуу күн катары түбөлүк эсимде калды. Бул күнү жалгыз уулум Эркинтайымдан ажырадым. Ыйга, муңга, күйүткө, арманга, сагынычка, кусалыкка толгон азаптуу күндөр зыпылдап өтүп, баламдын 40 күндүгүн да өткөрдүк… Башыбызга азап, кайгы-муң түшкөн оор күндөрдө аза-кайгымды, күйүтүмдү бөлүшүп, уулумдун рухуна бата, дубаларын берип турган калдайган кыргыз калкыма чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдиремин! Уулум Эркинди Аллахым өз рахматына алып, акыретин абат кылып, бейиштин багын насип кылсын!

Эркиним төрөлгөндөн тартып табиятынан акылдуу, билимдүү, жөнөкөй, кичипейил, адамгерчиликтүү, боорукер болуп чоңойду. Садага болоюнум, Сайкал экөөбүз сени чексиз жакшы көрөбүз!

Кош бол, уулум, Кудай буюрса акыретте жолугабыз!” деп жазган ал.

Ошондой эле, уулу каза болоорунан 2 жума мурун апасына арнап,  “Мама” деген ыр жаздырганын кошумчалаган.

“Уулум каза болоор алдында “Мама” деген ыр жаздырган экен. Көзү өткөн соң мага жиберишти. Эркинтайымдын мага калтырган акыркы белеги” деп жазган Гүлшайыр Садыбакасова.

 

Гүлшайыр Садыбакасованын 19 жаштагы уулу Эркин Садыбакасов  ушул жылдын август айында жүрөк оорусунан улам каза болгон.