Казак президенти “Курманжан датка” тасмасын дагы мактады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Курманжан датка” тасмасын дагы бир жолу мактап өттү. Ал казак телеканалдарына тарыхый фильмдерди тартууну тапшырып жатып, кыргыздардын киносунун ийгилигин эске салды.

Казак президентинин айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөлүк киноиндустрияда тарыхый темалардын сценарийлерине суроо-талап бар. “Бул багытта мамлекеттик буюртманын белгилүү бир бөлүгүн компетенттүү органдарга жана жергиликтүү телеканалдарга бөлүүнү тапшырам. Албетте, акча жагын чечүү керек. Бирок биздин кыргыз туугандар “Курманжан датка” тасмасы аркылуу көп акча коротпой деле сапаттуу чыгарма жасоого болорун көрсөтүштү”, — деди Токаев.

Аталган тасманын режиссеру Садык Шер-Нияз “Курманжан датканын” тартылганына 7 жыл өтсө да, мактоо угуу жагымдуу экенин билдирди. “Көп сценалар убакыттын тардыгынан ошондо фильмге батпай калган. Ошолорду кошуп тасманын жетинчи жылдыгына сериал вариантын жасап элге сунуштап көрсөкпү деп да ойлоп кетем”, — дейт Садык Шер-Нияз.