Казак ырчысы Жанар Дугалова турмушка чыгат

Казакстандык белгилүү ырчы Жанар Дугалова турмушка чыгып жатканы тууралуу маалыматты тастыктаганын Tengri Lifestyle жазды.

Ырчы кыз маектеринин биринде анын турмушка чыгары тууралуу кептерге чекит коюп, бул чындык экенин айтты. Маалыматты анын менеджери да тастыктаган. «Ооба, ал чындап эле жакынкы арада турмушка аттанат. Той Астанада өтөт», — деп ырастады менеджери.