Казакстандык диджей «Грэмми» сыйлыгын алды (видео)

Казакстандык диджей Иманбек Зейкенов (Imanbek) “Мыкты классикалык эмес ремикс” үчүн Грэмми сыйлыгын алды. 20 жаштагы диджейдин америкалык рэпер Saint JHN’дин аткаруусундагы «Roses» ырына жаздырган ремикси ийгилик алып келди.

“Грэмми” — бул Американын Искусство жана үн жаздыруу боюнча улуттук академиясы тарабынан жыл сайын берилчү музыкалык сыйлык. 2021-жылы аталган сыйлык 63-жолу уюштурулган.