Казакстандын президенти кыргыз жазуучусу Султан Раевди «Бipлiк» алтын медалы менен сыйлады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын Эл жазуучусу Султан Раевди Казакстандын абройлуу сыйлыгы – «Бipлiк» алтын медалы менен сыйлады. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты.

Ал Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы, ошондой эле элдердин ортосундагы ынтымакты, кызматташтыкты чыңдоодо, улуттук маданияттарды жана мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди жакындаштыруу жана өз ара байытуу, достук мамилелерди сактоо жана өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн сыйланган. 

Бул алтын медаль Казакстан Республикасынын туңгуч президенти – Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен түзүлгөн. “Бирдик” медалы – казакстандык жана чет элдик жарандардын коомчулук тарабынан таанылышынын жана кубаттоосунун эң жогорку белгиси.