Казанда өткөн эл аралык фестивалда Сагынбай манасчы тууралуу тасма байгеге ээ болду

Татарстандын борборунда аяктаган Казань эл аралык кинофестивалда кыргызстандык тасма байгеге ээ болду. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

“Ислам дүйнөсүндөгү маданияттардын диалогу үчүн” сыйлыгы режиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Сагынбай манасчы” тасмасына ыйгарылган. Тасма кыргыздын “Манас” эпосун айткан манасчы Сагынбай Оразбаковго арналган.