Казанда өтө турган эл аралык фестивалда Сагынбай манасчы тууралуу тасма көрсөтүлөт

Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун «Сагынбай манасчы» аттуу жаңы тасмасы XVIII Казань эл аралык мусулман кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Фестиваль Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун колдоосу менен 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин Казанда өтөт. “Сагынбай манасчы” тасмасы “Орусия – Ислам дүйнөсү” конкурстук программасына киргизилген. Тасма Кыргызстанда 8-сентябрдан тарта көрсөтүлөт.