«Келин Дион» атыккан Бегимай Турусбекова: «Менден мурун жолдошум чарчап, кеттикчи Казарманга деп жатат»

Кечээ, 22-июнь күнү бир күндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун кабылдамасында болуп, 4 күндөн бери үй-бүлөсүнө да кенен көңүл бура албай жатканын айтты.

«Атым коомчулукка тарагандан бери 4 күн болуптур, жолдошум менен кенен отуруп сүйлөшө элекпиз. Кайда барбайын мени коштоп жүрүп, менден мурун эле чарчап калды. Азыр Бегимай, болдучу, айылга кетеличи деп калды», — деди Бегимай.

Бегимай Турусбекова «Ынтымак» сейил багында Уитни Хьюстон менен Селин Диондун хиттерин ырдоо менен борбор калаадагы эс алуучуларды багынткан. Видеолор дароо интернетке тарап, чыныгы талант катары тааныла баштады.