«Кемчилик таппайсың дешти». «Туңгуч» театры Астанада «Жесир» спектаклин тартуулады

Жамал Сейдакматова атындагы «Туңгуч» театрынын жетекчиси Асел Чоткараева «Жесир» спектакли менен Астана шаарындагы фестивалга катышып жатышканын билдирген. Кечээ, 30-октябрда режиссёру Арнис Кыдырмышев, башкы ролдо актриса Альбина Имашова болгон Мухтар Ауэзовдун «Жесир» спектакли көрүүчүлөргө тартууланды.

«Жесир» аталышындагы спектаклибизди Астана шаарында III эл аралык театр фестивалында көрүүчүлөргө тартууладык. Айта турчу сөз чынында көп. Биздин азыркы абалыбыз укмуш өзгөчө эйфорияда. Мактоого арзыдык. Калыстардын тамшанткан алкоосуна татыдык. «Бул спектаклден издесең да, кемчилик таппайсың. Өзгөчө жаратмандык. Мыкты» деген асыл кептерге оролдук.

Өзгөчө режиссёр Арнис Кыдырмышевди, башкы ролду ойногон актриса Альбина Имашованы баса белгилеп айтышты. Дагы бирге иштешүүгө сунуштар түштү. Бул биз үчүн чоң кубаныч. Чоң жетишкендик. Сыймык», — деп жазды Асел Чоткараева.