Кененсаров ТикТоктун жабылышы боюнча: «Кыргыздар демократиясыз жашап келген, бул кадыресе көрүнүш»

«Кыргыздар менен казактар ​​көп кылымдар бою демократиясы жок жашап келген жана бул кадыресе көрүнүш». Бул тууралуу журналист Айгүл Мукейге Кыргызстанда ТикТоктун жабылышы тууралуу комментарий берип жатып «Азия MIX» КВН командасынын лидери Элдияр Кененсаров билдирди. 

Ал белгилегендей, жаштар бул демилгеге каршы, ал эми социалдык тармакка байланбаган улуу муун өлкөдө ТикТоктун жабылышы үчүн макул. «Ал эми мага окшогон нейтралдуу адамдар бар. Ал жерде өзүбүздүн баракчабыз бар экенине карабай, мага баары бир», — дейт Элдияр Кененсаров.

Журналисттин бул чектөөлөр демократияны жана жаштардын үнүн басуу аракетиби деген суроосуна ал мындай деп жооп берди: «Кыргыздар менен казактар ​​көптөгөн кылымдар бою, өздөрүнүн тарыхый жолунун чоң мезгилин демократиясыз жашап келишкен. Бул нормалдуу көрүнүш. Бешбармак жейбиз…»