Кеңеш Курманалиева: «Ооруп жүрүп мектепке барсам, мен 3-класс курдаштарым 6-класс болуптур. Окубай койгом»

Өмүрүн театрга арнаган актриса, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кеңеш Курманалиева учурда 85 жашта. «Уркуя», «Апамдын махабаты», «Чиркин өмүр» жана башка 30 чакты кино, сериалдарда роль жараткан актриса басып өткөн жолу тууралуу маек курду. «3-класстагы билим менен ушул даражага жеттим, Кудайга миң мертебе шүгүр» деген актрисанын маегин тартуулайбыз.

«Бутум ооруп, аны айыктыргыча 3 жыл өттү. 3 жылдан кийин окууга бардым. Классташтарым чоңоюп кетиптир. Мен 3-класс, алар 6-класс болуптур. Мен ыйлап окубай койгом. Ошого өкүнөм да. Барсам эле баарынан чоң мен көрүнөм. Бул жакшы окучу деп, 8-классты бүттү деген документ беришти. Чындыгында менин 3-класстык да билимим жок», — деди ал.

Актриса анын таланты тууралуу айтып берди. «2-класста ата-энелерибизге «Алтын кызды» койдук. Мен алтын кыздын апасын ойнодум. Мени чакырып «сенин талантың бар экен, артист болчу түрүң бар экен» деди. Бир күнү эле кароо болот экен деп калышты. Менин үнүмдүн жакшы экенин айтып, катыш дешти. Катыштым. Бишкекке кеттик дешти. Ошол учурда опера жана балет театры жаңы бүтүптүр. Эми ичи укмуш», — деди ал.