Кенже Дүйшеева менен Гүлзада Рыскулова дуэт жаздырды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Кенже Дүйшеева менен Гүлзада Рыскулова дуэт жаздырышты. “Ак кушум” деп аталган чыгарма кыз узатууга ылайыктап жазылган. Бул тууралуу SUPERTV`га Кенже Дүйшеева билдирди.

“Бул ырдын сөзү Урниса Кадыралиева деген эжеге, обону Гүлзадага таандык. Ал эми идеясы меники. Азыр кыз узатууга арналган ырлар көп, бирок көбү эле котормо ырлар. Ошондуктан өзгөчө болсун деген ниетте жаңы жаздырып, бирге аткардык. Азыр клибин тартууга даярдык көрүп жатабыз. Тартуу иштерин орозодон кийин баштайбыз”, — дейт ырчы.

Ошондой эле, бул ырды эң алгач Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаеванын кызын узатууда аткарышканын кошумчалады.

Алтынай Нарбаеванын кызын узатуу тойдон репортаж: