“Кереметке ишенебиз”. Эки жылдан бери оору менен алышып жаткан Анастасия Заворотнюктун жакындары үн катышты

Ракка кабылып, эки жылдан ашуун убакыттан бери дарыланып жаткан актриса Анастасия Заворотнюктун үй-бүлөсү ага экинчи өмүр берген дарыгерлерге ыраазычылыгын билдиришти. Бул тууралуу социалдык тармакта аны колдоо үчүн ачылган баракчага жакындары жазышкан.

«Акыркы эки жылда чыныгы адам жасаган кереметтерди жасап келе жаткан адамдарга чоң ыраазычылык билдиргибиз келет. Алексей Кривошапкин — ал Настяга экинчи өмүр берди. Ошондой эле Павел Копосовго таазим», — деп жазылат анда.

Мындан сырткары актрисаны 3-апрелде 50 жашка толушу менен куттуктаган ар бир адамга ыраазычылыгын билдирип, алдыда боло турган кереметтерге ишене турганын кошумчалашкан.

Буга чейин дарыгер Пётр Чумаков актрисанын абалы боюнча төмөнкүдөй пикирин билдирген. “Таң калычтуу, бирок Анастасиянын абалы глиобластомага кабылган көпчүлүккө салыштырмалуу жакшы. Негизи мындай диагноз тез убакытта өрчүп, абал начарлайт. Ал эми Заворотнюк эки жылдан бери күрөшүп келе жатат”, — деген ал.

Белгилей кетсек, актриса 2019-жылдан тартып оору менен күрөшүүдө. Анын жакындары абалы боюнча эч кандай маалымат таратпай, жашырып келишет. Айрым маалыматтарга караганда, Анастасия Заворотнюк учурда ооруканадан тышкары дарыланууда.