Кезинде баш байге алган Димаш Кудайберген “Мейкин Азия” фестивалына видео куттуктоо жөнөттү

Кечээ, 18-августта Чолпон-Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын “Мейкин Азия” III эл аралык Ысык-Көл фестивалынын ачылыш аземинде Димаш Кудайбергендин видео кайрылуусу көрсөтүлдү. Бул тууралуу «Түрксой» эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев билдирди.

«Мейкин Азия» фестивалын 2013-жылы Ысык-Көлдө уюштурганыбызда Казаккстандан 19 жаштагы Димаш Кудайберген катышкан. Фестиваль биринчи жолу уюштурулуп жатса да ага мыкты ырчылар катышкан. Алардын арасында Евровидение сынагында 2-орунду ээлеген украин ырчысы, кытайлык жана башка өтө күчтүү ырчылар бар эле.

Димаш менен быйыл Астанада бир чоң жыйында жолугуп, “Мейкин Азия” фестивалын сөз кылып, “өзүң баш байгени биринчилерден болуп алган фестивалды быйыл да өткөрүп жатабыз, “Ардактуу конок” катары катышып бер, кыргызстандык музыка сүйүүчүлөр сени сагынды” дегем. Димаш өтө таланттуу гана эмес, ошол учурда өтө жөнөкөй. “Мен да Ысык-Көлдү сагындым, бирок менин графигим аябай тар. Эгерде графиктен тышкары бош убактым болсо сөзсүз катышам” деген эле.

Бир-эки күн мурда суйлөшкөндө ал мага ушул видео куттуктоону жана жаңы жазган ырын жиберди. Кечээ фестивалдын ачылышында куттуктоону да, ырын да Димаштын саламы менен кошо бердк», — деп жазылат билдирүүдө.