«Кичүү уулум апасынын сүрөтүн көрсө апалайт». Шоумен Кадыр Жарматов акыркы окуяларга токтолду

Шоумен Кадыр Жарматов аз күндөн бери кайрадан чыгармачылыкка киришип, эл кызматына чыга баштады. Жашоосунда оор сыноого кабылган шоумен алгачкы жолу өткөн окуяларга токтолду.

Анын айтымында, учурда ал 4 балага апа да, ата да болуп жаткан чагы. Ал балдарды каралашканга кайын энеси да жардам берип жатканын айтат. Бирок канткен күндө да, балдар эч убакта апасын унутпарын билет. «Улууларды билди. Кичинекейим апасынын сүрөтүн көрсө, «апа, апа» деп дагы эле унута элек. Мен ойлойм, 2 жашар бала унутпайт окшойт. Сагынышат… Жакында эле бир окуя болду. Үйдө отурсам, кыздарым Барсбектин ыйлаганын айтышты. Барып сурасам, кошунанын балдары «сенин апаң жок, шалпайып жүрөсүң» деп айтышыптыр. Менин да көзүмө жаш келди. Бир аз көңүлүн көтөрүүгө аракет кылдым«,- деди ал. Ал мындан тышкары, 5 жаштагы кызы да апасын сурап ыйлаганын, куса болуп жатканын айтат.

Ошондой эле, шоумен аялы экөөнүн акыркы күнүн айтып берди. «21-апрель күнү дүкөнгө товар алып келдик. Ал дүкөнгө кетти. А биз чыгармачылык адамдар түнү менен иштеп, түшкө чейин уктамай адатыбыз бар эле. Түштө туруп эле, жөнөдүм. Барсам товарларды жайгаштырып коюптур. Анан кичүүбүздү бала бакчадан алдык. Мага тааныш байке ооз ачалы деп калды. Жубайым барып кел деди. Андан ары футбол бар эле. Ооз ачтык, сүйлөшүп отурдук, футболго бардык. Үйгө келсем, свет өчүп калган экен. Баары уктап жатышыптыр. Негизи бир жактан келгенде келинчегимди дайым ойготот элем. Ойготуп, эртеси дүкөнгө барышы керек экенин айттым. Оозумду жаап жаттым. Эртеси саат 11лерде уулум «ата» деп шашып келип, апасынын гаражда турганын айтты. Шак туруп эле, гаражды көздөй жөнөдүм. Барсам эле сөөгүнүн турганына 3 сааттай болуп калган экен»,- дейт ал.