«Киндигин өзүм кестим». Ырчы Илгиз Абдалиев экинчи ирет уулдуу болду

Ырчы Илгиз Абдалиев экинчи ирет уулдуу болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Сүйүнчү достор, уулдуу болдук. Кудайга шүгүр, күткөн күн келди. Баатыр төрөдү. Салмагы 3 килограмм 980 грамм. Сиздердин жакшы каалоо-тилектер менен аман-эсен уулубузду колубузга, боорубузга алдык. Киндигин да өзүм кестим. Жубайыма чоң рахмат, экинчи ирет уул төрөп берди. Энесине жана балама ден соолук берсин»,- деп жазды ал.

Түгөйлөр 2019-жылы жылы баш кошушкан. Тун уулу 2021-жылдын 8-май күнү төрөлгөн.